У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаев: «Алар менин өлүмүмдү каалап жатышат. Мен өлбөйм…»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотундагы отурумдун алдында журналисттердин суроосуна жооп берди. Ал өз сөзүндө Садыр Жапаровдун таарынып калганын, бийликтегилер анын өлүмүн каалап жатышканын, бирок ал жашашы керек экенин, бирок чөгөлөп эмес, адамча жашашы керектигин айтты. 
 
«Менин жооп бергениме Садыр Жапаров таарынып калган окшойт. Эми бул майдараак болуп жатат; 
 
Мен азыр тиземди көрсөтөт элем, бул ыңгайсыз. Алар мени абакта текшергиси келгенде, бул маанилүү деле эмес; 
 
Менин өлүмүмдү каалап жатышат, алардын кыжырына тийип өлбөйм! 
 
Албетте, жашагыӊ келет. Бирок чөгөлөп эмес, адамча жашоону каалайт элем;
 
Менимче, Садыр Жапаровдор бирөөнөн алдында милдеттин аткарып жатабы, мен өзүм таӊ калып жатам. Же 7-апрелге карата атайын күчөтүп жатабы? 
 
Азыр да сүйлөштүк, Атамбаевди кечирсе Бакиевдерди алып келүү кыйыныраак болобу? Мен билбейм, аны Садыр Жапаровдон сурагыла;
 
Мени Сооронбайдын кезинде да ооруп жаткан учурумда сотко күчкө салып алып барчу эмес; 
 
Азыркы бийликке Кудай акыл берсин деп жатам;
 
Садыр Жапаров менин убагымда камалган, бирок ошол жылы мен бийликтен кеткем да. Ал менин убагымда 8 ай отурса мен, 16 ай отурам. Билбейм, мага бардык нерсе майдараак көрүнүп жатат. Акыл берген ошол эле Сокелерби,(Сооронбай Жээнбеков-ред.) билбейм. Убактысын Сокеге окшоп өч алууга коротуп албаса, мындай нерсе менин акылыма сыйбайт;
 
Садыр Жапаровдун учурунда шарттар бир топ жакшырып калды, бирок абак деген абак;
 
Мага жолугушууга келгендер бар, аларга ырахмат. Билесиӊер да мага жолугушуу да коркунучтуу да;
 
Абакта мага баары сый мамиле кылышат. Ал эми 23-марттагы шакаба чегүү атайын жасалып жаткан нерсе болушу мүмкүн. Коронавирустан кийин жүрөгүм начар экенин билгендер мени инфаркт же инсульт болуп калсын деп жатса керек;
 
Бул соттук отурумдардын баары чындыгында жөн гана цирк экенин билесиңер. Андыктан мен ар бир соттун алдында кат түрүндө менсиз өткөрө бергиле деп суранам. Батукаев тууралуу сотту менсиз эле кылышкан. Бирөөнө дагы барган эмесмин. Азыр деле ошенте беришпейби, мени кыйнабай. Же видео байланыш форматында кылышсын;
 
Абактын башкы дарыгери 23-марттагы окуядан бери мен жакка киргенден коркуп калды. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter