У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер камакта калды


Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер бир айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-мартында шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, сот тергөө иштери аяктаганча аны камакта калтыруу чечимин чыгарган. Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
 
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
 
Эске салсак, 2022-жылдын 25-мартында Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБне келип “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган. Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталат.
 
Ошол эле күнү тактап айтканда 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат.
   
 Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы тургуну Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter