У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча блогер кармалды


Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Белгилүү болгондой, Арзыгүл Галымбетова өлүмүнүн бир күн мурун, 25-мартта милицияга арыз менен кайрылган. Ал белгилегендей, блогер Батма-Бат (Батмакан Жолболдуева) маркумдун ар-намысына шек келтирип, каралаганы айтылган. 
 
«Ошол күнү Арзыгүл Галымбетова ооруп, саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, ал түндө каза болгон. Факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин алкагында блогер Батма Жолболдуева кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда», - деп билдиришти ШИИБден.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter