У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: Макул, мени камашсын, ал жактын шарттары жакшы дешет…


 Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратуранын эскертүүсүнө макул эмес. Бул тууралуу маалымат каражаттарына билдирди.
 
«Мен Башкы прокурордун эскертүүсүнө макул эмесмин, ал ким (Башкы прокурор. - редакция)? Мен өзүмдүн ишимди кыла берем, токтобойм. Алар каалаганын кыла беришсин. Эл үчүн реформа кылышым керек. Бүгүн Исманкуловдун клиникасын жаптым. Башкы прокурордон коркушса, анда кабинетте отура бериш керек, эч нерсе кылбай», - деди ал.
 
Ошондой эле ал акыркы кызматтан кете турганын кошумчалады. 
 
«Макул, мени камашсын. Ал жакта шарттар жакшы дешет. Мен андан коркпойм, эл үчүн бир нерсе кылганга үлгүрөм. Ошондуктан мен шашып жатам, баары бир кызматтан алышат», -деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter