Жогорку сот талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин ишин карап, чечим чыгарды
- 22.03.2022, 15:55,
- Башкы / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин административдик сот да ишти карап, БШКнын чечимин күчүндө калтырган.
9-мартта БШК Свердлов району боюнча ЖКнын депутаттыгына талапкер Муртазалиевди каттоону жокко чыгарды. Талапкерди каттоону жокко чыгарууга анын добуш сатып алууга шектелгени себеп болгон.