У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Байсалов: Эми мектептерди жаап, чектөө киргизүүнүн зарылчыгы жок, вирус баарына жукту


COVID-19дун жаңы штаммы омикрон өлкө боюнча жайылып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
 
Алгоритмдин өзгөрүшү боюнча депутаттарга маалымат берди.
 
«Эми мектептерди жаап, экономиканы чектесек да, эч кандай мааниге ээ болбойт. Омикрон келди, бүт өлкөгө тарады, баары мурунтан эле жуккан. Эгерде мурда кимдир-бирөөлөрдөн коронавирус инфекциясы аныкталса, класстарды, мекемелерди жаап, оорунун жайылуусунун алдын алса болот эле азыр андай муктаждык жок», - деди Эдил Байсалов.
 
Министрлер кабинети жарандарды обочолонууга жана вирустун алгачкы белгилери байкала баштаганда дарылоону баштоого чакырат.
 
«ПЦР тест тапшыруунун кереги жок. Температура көтөрүлүп, ооруй баштаганда жана инфекция жуктуруп алдым деген шектенүү жаралаганда эле дароо өзүнчө бөлүнүп, дарылоону башташ керек. Үйдөн чыкпай жатуу зарыл. Омикрон жеӊил өтөт жана 90 пайызы ооруканага жаткырууга муктаж эмес. Мындан тышкары, оорудан кийин табигый иммунитет пайда болот ", - деди ал.
 
Вице-премьер-министрдин айтымында, бардык ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр. 
 
«Жеңил оорулуулардын баарын ооруканага жаткырсаң, алар бардык керебеттерди ээлеп алышат да, оор оорулуулар үчүн орундар калбай калат», - деди Байсалов.
 
Эдил Байсалов эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter