У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: Биздин аскерлер Казакстанга барганда чабуул болбойт деп айтыш кыйын


ЖККУнун Казакстандагы бейпилдик күчтөрүнө катышып жаткан Кыргызстандын аскерлери эч кандай кепилдик же мандат алышпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
 
Ал белгилегендей, Казакстанга барган бардык аскер кызматкерлери коопсуздук чаралары боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү алышат.
 
«Казакстанда абал оор, барганда чабуул болбойт деп айтыш кыйын. Мындай чечимди биз биринчи жолу кабыл алып жатабыз. Эч ким эч нерсеге кепилдик бере албайт. Коргоо министринин орун басары аскер кызматкерлери менен барат. Сиздер түшүнгөндөй, биз эл аралык милдеттенмелерден баш тарта албайбыз”,-деди Камчыбек Ташиев.
 
Анын айтымында, азырынча Казакстандын кайсы объектилерин Кыргызстандын аскерлери кайтара турганы так белгисиз.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter