У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сох анклавындагы аэропорт иштей баштады


Кыргызстандагы Сох анклавында аэропорт иштей баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.
 
Анын айтымында, президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгын аткаруу максатында Фергана – Сох – Фергана багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары түзүлүүдө.
 
2021-жылдын 12-декабрынан баштап Humo Air ЖЧКсы алгач аталган каттам боюнча жумасына эки жолу үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.
 
Ферганадан учактар дүйшөмбү жана жума күндөрү саат 10.00дө, Сохтон Ферганага саат 12.00дө учат. Аба кыймылы АН-2 самолетторунда ишке ашырылат. Учуунун узактыгы 30 мүнөт. Жүргүнчүлөр авиабилеттерди Фергана, Анжиян жана Наманган аэропортторунан, ошондой эле Сох облусунун акимчилигинин имараттарынан сатып ала алышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter