Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
- 11.06.2021, 15:45,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ИИМдин тергөөчүсүн 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады.
11-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кылмыш ишине катышкан адамга карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн пара талап кылган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.