У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мелис Аспековдун инфаркт алып ооруканага түшкөнү айтылды

 
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалып, №1 тергөө абагында отурган Мелис Аспеков инфаркт алып Улуттук кардиология борборунда жатат. Бул тууралууу анын иниси Азамат Аспеков «Азаттыкка» билдирди.
 
Иниси Азамат Аспековдун айтканына караганда, агасы Мелис Аспеков үч күн мурда өзүн жаман сезип, колу-буту иштебей жатканын айтып ЖАМК кызматкерлерине кайрылган. 
 
«Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылыгы болуп калды. Жаш доктур кызды киргизип, абалы жакшы деп коюшкан. Азыр эс-учун билбей, кома абалында жатат", - деп билдирген Азамат Аспеков.
 
УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter