У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК абактагы Мелис Аспековдун сабалышы боюнча маалымат берди


 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков УКМКнын кызматкерлери тарабынан кыйноого алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
 
Мелис Аспеков денесинен жараатты УКМКдан эмес, 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда алган.
 
Маалыматка ылайык, Аспеков 2021-жылы 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жараат алган. Ал денеге залал келтирүүнүн себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан. 
 
«Аспековдун айтымында ал жарааты сотко бара жатканда алган. Буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ далил»,- билдирди УКМК.
 
Ошондой эле УКМК Мелис Аспековдун аракетин коомчулукту адаштыруу аракети деп эсептейт. Атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдирет. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter