У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектептердеги кошумча төлөм боюнча Билим берүү министрлиги жумушчу топ түзөт


Билим берүү жана илим министрлиги көп жылдар бою коомдо карама -каршы пикирлерди жаратып, ата -энелердин нааразычылыгын жаратып келген мектеп төлөмдөрүнүн көйгөйүн чечүү үчүн жумушчу топ түзөт. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, жумушчу топко министрликтин кызматкерлери, ата -энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирмекчи. Жумушчу топ укуктук, финансылык, социалдык жана башка аспектилерди дыкат иликтеп, бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун сунуштайт.
 
Эске сала кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев маалымат жыйынында министрлик мектептерде кошумча төлөм механизмин киргизүү боюнча иштеп жатканын билдирген.
 
Кошумча төлөмдүн так суммасы азырынча айтыла элек. Бирок шаардагы мектептерге бир окуучуга 1000 сом, айылдарда 800 сом болушу мүмкүн экени айтылууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter