У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө 18 жаштагы жигит каза болду. Аны аквапарктын түтүгү соруп кеткен


 
Кечээ, 27-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын аймагындагы көл жээгинен 18 жаштагы жигит каза болду.  Аны аквапарктын түтүгү соруп кеткен.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 27-июлда болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкектен эс алууга барган 2003-жылы туулган С.С. аттуу эркек баланы диаметри 50 см болгон аквапарктын суу соргон түтүгү соруп кеткен.
 
Ал жерге 4 куткаруучу, 1 экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүктү кесип, жигиттин сөөгүн чыгарышкан.
 
Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter