Сентябрда мектептер ачылабы? Министрликтин жообу…
- 12.07.2021, 12:33,
- Башкы / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Эгерде калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, сентябрь айында мектептер толугу менен ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн 2 миллион 137 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек.
Кыргызстанда мектептер 2020-жылдын март айынан бери онлайн режиминде иштеп жатышат. 2021-жылдын январь айынан баштап мектеп окуучуларынын айрымдары салттуу режимде окуй башташкан.