Кыргызстанда орточо айлык акы 224,1 долларды түздү
- 05.07.2021, 16:22,
- Башкы / Экономика
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда номиналдуу орточо айлык акы 2021-жылдын январь-апрель айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 957 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкерге эсептелген орточо айлык акы 7% га жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын чыныгы көлөмү 2,6% га төмөндөдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курсунун негизинде 2021-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык маянасы 224,1 долларды түзгөн.