Кыргызстанда орточо эмгек акы 17 миӊ 926 сомду түздү
- 25.11.2020, 15:57,
- Экономика
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда жумушчулардын орточо эмгек акысы айына 9 миңден 36 миң сомго чейинкини сумманы түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь-сентябрында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 17 926 сомду түздү.
Ал былтыркыга караганда 9,2%га көп.
«Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы 23,6 миң сомду түздү жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду»-деп билдирет статистика комитети.