Кыргызстандын ИДПсы өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 пайызга төмөндөгөн
- 11.06.2021, 16:08,
- Экономика / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продукт, алдын ала эсептөөлөр боюнча, 215 миллиард сомдон ашык сумманы түздү жана 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда, ушул жылдын январь-май айларында ИДПнын көлөмү 192 миллиард сомдон ашык сумманы түздү жана 3,5 пайызга өстү.