Жогорку Кеңештин 13 кызматкеринен вирус аныкталды, төрага ооруканада
- 30.06.2021, 10:30,
- Башкы / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 28-июндан бери Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Азыр Талант Мамытовдун абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан тышкары, бүгүн Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкери, анын ичинде кабылдаманын кызматкерлеринин арасында коронавирус диагнозу коюлган. Коронавирустун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн КР ЖКнын 36 кызматкери аралыктан иштөөгө өттү», - деп билдирди басма сөз кызматы.