У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштү


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү.

Өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тезинен жөнгө салуу чараларын талкуулашты.
Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде туруктуу кырдаалды сактоого даяр экендигин белгиледи.

Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, ушул жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда Баткенде болот


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter