У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арада жарадар болгондордун саны 134гө жетти, 13 адам каза болду


 30-апрель саат 7.50гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаӊыжалдан жараат алгандардын саны 134кө жетип, анын ичинен 13 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет. 
 
Маалыматка ылайык, жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter