Чек ара чырында жарадар болгондордун саны 124 адамга жетти
- 30.04.2021, 08:08,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Таңкы саат 7: 00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандардын саны 124гө жетти, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
«Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды. Жабырлануучулардын экөөнүн абалы оор, калгандары орточо оор жана салыштырмалуу канааттандырарлык », - деп белгилешти ведомстводон.