Жол кире 11 жана 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Мэрия токтом долбоорун иштеп чыкты
- 20.02.2021, 12:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаардык кеӊешинде «Бишкек шаардык кеӊешинин айрым шаардык кеӊешинин токтомдоруна транспорт чөйрөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып маалымат каражаттары жазып чыкты.
Иштелип чыккан токтомго ылайык, коомдук транспорттордо жүрүү тарифтери автбустарда жол кире акысы 11 сом, кичи автобустарда 15 сомго көтөрүү сунушталган.
Эгер токтом кабыл алынса, автобустарда жол кире 3 сомго, кичи автобустарда 5 сомго кымбаттайт.