У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеӊиш Молдокматов: «6-октябрда Суваналиев Асановду чакырып ИИМге убактылуу куратор болуп бериӊиз деп суранган»


 
6-октябрь күнү Ө.Суваналиев К.Асановду чакырып (жанында Т. Сариев, Ч.Джакупова болгон) "Мамлекет оор абалда турганда ИИМ ээсиз калды, убактылуу коопсуздук жаатында куроторлук кылып, Бишкекте кечкисин мородёрлук болбосун, шаарга комендант болуп бериңиз"- деп суранган. Бул тууралуу Жеӊиш Молдокматов фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«6-октябрда бийлик башы дээрлик жок, мамлекет оор абалда турду. Ким кайсы жерге баргысы келсе, башчылардын кабинетинен чыкпай, түнөп кайтарып калган учурлар катталды. Басып алуу, энчилеп калуу массалык түрдө орун алды. Ошол учурда бир гана легитимдүү орган Коопсуздук Кеңеши жана Кеңештин катчысынын орун басары Ө.Суваналиев калган. Болбосо Президент С.Жээнбеков, ЖК төрагасы Д.Жумабеков, Премьер-министр К.Боронов, УКМК төрагасы О.Опумбаев, ИИМ министри К.Жунушалиев, Башкы прокурор Ө.Жамшитов ж.блар жок болуп, мамлекет башкаруусуз калган. Мамлекеттик башкаруу иерархиясы боюнча мамлекеттик коопсуздукту көзөмөлдөп, күч органдарынын кызматкерлерине "Буйрук" берүүгө укуктуу бир гана Ө.Суваналиев калган.   Өздүк маалыматтар боюнча 6-октябрь күнү Ө.Суваналиев К.Асановду чакырып (жанында Т. Сариев, Ч.Джакупова болгон) "Мамлекет оор абалда турганда ИИМ ээсиз калды, убактылуу коопсуздук жаатында куроторлук кылып, Бишкекте кечкисин мородёрлук болбосун, шаарга комендант болуп бериңиз"- деп суранган. Макулдугун берген К.Асановду ИИМдин ошол кездеги орун басары А.Орозалиев өзү алып барып, К.Жунушалиевдин иш бөлмөсүн ачып берип, кызмат ордуна отургузган. 
 
Ал кезде Ө.Суваналиев К.Асановду министр кылып дайындоого ыйгарым укугу жок эле, ошондуктан кырдаал тынчыганча деп кураторлукка К.Асановду алып келишкен. Демек, бул кызматты жана имаратты басып алууга кирбейт. 
    
Ар бир кырдаалда калыстык үчүн чындыкты айтып туруш керек. 
   
 Бул сөздөрүмдү генерал Ө.Суваналиев, Чолпон Идиновна, Темир Сариевдер калп дебестир. 
   
 Дегеним, генерал катары Ө. Суваналиевдин пикири генерал К.Асанов үчүн абдан маанилүү. 
  
  Эгер ошол учурдагы кызматтарды басып алуу же имараттарды ээлеп алуу боюнча кылмыш ишин козгош керек болсо, анда бардыгына бирдей карагыла! Камала тургандар көп, алар жаныңарда!
    
 Эгерде эле бийлик каршы сүйлөгөндөрдү камоо менен оозун жаап, оппозициялык күчтөрдү басабыз десе жаңылышат. Ар бир нерсе убактылуу. Бул күндөр дагы өтөт!Андан көрө экономикалык реформаларды тездеткиле. Элдин сурагы катуу болот!»,-деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter