Камчы Көлбаев тергөө иштери бүткөнчө камакта болот
- 24.10.2020, 14:03,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечимине ылайык, кримтөбөл Камчы Көлбаев тергөө иштери бүткөнчө УКМКнын СИЗОсунда болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда күнү кармалып, 48 саатка камакка алынган.
Ал КР кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (кылмыштуу уюмду түзүү, же ага катышуу) боюнча айыпталып, сотко чейинки териштирүү башталган.