У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент менен жолуккан Араван районунун акиминен коронавирус табылды


 Бир жума мурда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевдин 18-июнда коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, дарылануу үчүн аймактык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
 
 Маалыматка ылайык, 14-июнда Араван районунун акиминин дене табы көтөрүлүп, ал 17-июнда ооруканага кайрылган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы жашы. Райондогу акимчиликтин кызматкерлеринин вирус илдетине тапшырган анализдери таза чыккан. Кызматкерлер кадимки күн тартибинде иштеп жатышат, акимдин милдетин биринчи орун басары аткарып жатат. 
 
Эске сала кетсек, 11-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Араван районуна жашылча-жемиш өстүргөн фермердик чарбанын иши менен таанышууга барган. Иш сапары учурунда Жээнбеков аким менен жолугушкан жана беткапсыз жүргөн.  Аким президент менен жолугууга чейин вируска анализ тапшырган, ал учурда акимден илдет аныкталган эместигин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter