Кыргызстандын карызы январь-март айында 53.2 млрд сомго көбөйдү…
- 20.05.2020, 09:39,
- Башкы / Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Каржы министрлиги Кыргызстандын мамекеттик карызы 4 млрд 649.21 млн. долларды түзгөнүн жар салды. Натыйжада, быйылкы жылдын январь айынан март айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызы 53 млрд 235.74 млн. сомго жогорулаган.
Мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз 86.2% же 4 млрд. 6.05 млн. доллар (323 млрд 729.06 млн сом), ички карыз 643.15 млн. доллар (51 млрд 973.22 млн сом) болгон.
Ал эми Кытай мамлекетине болгон карыздын көлөмү, январдан мартка чейин 18.1 млрд. сомго көбөйгөн.