У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Билал Шарип уулу уландар арасында Азия чемпиону болду

 
Бишкекте күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык Билал Шарип уулу алтын медал тагынды.

Шарип уулу кечээ, 22-июнда 17 жашка чейинкилер арасында эркин күрөштөн 60 килограмм салмакта финалда өзбекстандык Жавохир Чулибоев менен беттешип, 8:5 эсебинде жеңишке жетти. Финалга чейин казакстандык Акарыс Калиевди 10:0, жарым финалда жапониялык Минато Койваны 11:0 эсебинде утуп алган.

Бул күнү кыргызстандык үч балбан: Азим Абдыкалыков (51 кг), Аскат Токтоматов (55 кг) жана Айтенир Максатов (92 кг) коло байге үчүн күч сынашып, алардын арасынан Аскат Токтоматов жеңишке жетти. Эки күнгө созулган эркин күрөш боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын эсебине бир алтын, бир коло байге жазылды.

Буга чейин уландар арасында грек-рим күрөшү жана кыздардын эркин күрөшү боюнча таймаштар жыйынтыкталган.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курамасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш, эки коло байге алып, командалык эсепте 1-орун ээледи. Кыздардын эркин күрөш курама командасы бир алтын, үч коло байге алып сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга жайгашты.

17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда башталган. Таймаштар "Бишкек-Арена" музмайданында өтүп жатат. Бүгүн, 23-июнда 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter