Нурманбет Раймалы уулу КМШ оюндарында алтын медал утту
- 06.09.2021, 11:29,
- Спорт
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн I оюндарында 100 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан Нурманбет Раймалы уулу бел боо күрөшү боюнча мелдеште алтын медалга ээ болду.
Эске салсак, ал буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча күч сынашып коло медаль тагынган.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат.
Учурда Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 9 күмүш жана 14 коло (жалпы 25) медаль бар.