У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана башка балбан кыздар Польшадагы турнирге катышышат


Кыргызстандык балбан кыздар Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.
Ага белгилүү беш спортчу жөнөп кетет.
  • Нураида Анаркулова — 59 кг;
  • Назира Марсбек кызы — 59 кг;
  • Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
  • Мээрим Жуманазарова — 68 кг;
  • Айпери Медет кызы — 76 кг.
Атлеттерди башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, калыс Саитдин, дарыгер Бактыгүл Алишева, массажист Константин Еремич коштоп барат.
Эске салсак, Тыныбекова, Жуманазарова, Медет кызы Токио Олимпиадасына лицензия алган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter