Балбан кыз Айсулуу Польшада өткөн мелдеште алтын медаль утту
- 07.11.2020, 09:58,
- Спорт
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн "Poland Open" аттуу эл аралык турнирине катышып, алтын медаль утту. Ал орусиялык балбан кыз Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта Тыныбекова тунистик Марва Амри менен кез келди.
Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашынын далысын басып таза жеңишке жетти. Финалда Тыныбекова орусиялык балбан кызды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.