У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сөзү менен иши айкашпаган Жаныкулов, же өтө кызыл бат оңот...


Жакында эле 3иядин Жамалдинов Ош облусунун губернатору  кезинде, ошол учурдагы биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун ортосунда таасир талаштан чыккан пикир келишпестиктен улам экөө тең кызматынан кол жууган эле. Президент экөөнү тең иштен айдап туура кылган. 

Учурда булардын кызматтык ишмердүүлүктөрүн прокуратура иликтеп жатат. Кандайдыр бир кыйшык баскан мыйзамсыз иш-аракеттери факты жүзүндө дилилдене турган болсо, жоопкерчилик маселеси каралып, укуктук баа берилет. 

Анткени, булардын кызматтан алынуусуна бирден-бир негиз болгон Данияр Жаныкуловдун өз кабинетиндеги акча алган окуянын себептерин тыкыр иликтөө, мыйзам чегинде укуктук баа берүү маселеси күн тартибинде турат. 

Себеп дегенде, Жаныкуловдун өз кабинетинде акча алып жатканы боюнча видео социалдык тармактарда кызуу талкууланып, резонанс жараткан окуя "кар жаады из бастыга" айланып тымызын жабылып кала турган катардагы иш эмес. 

Айрымдар муну чагымчылдык катары баалашса, көпчүлүк Данияр мырзаны "сырты жалтырак, ичи калтырак паракор коррупционер тура" дешип катуу сынга алышкан. Бул окуя дагы да болсо коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Демек, "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп жең ичинен бүтпөй, жыйынтыгы коомго ачык жарыяланышы кажет. 

Дегенибиз, Данияр Жаныкуловдун чуу жараткан күмөндүү иштин чоо-жайы боюнча актанып, жөө жомок токуганы чекит коюлду дегенди билдирбейт. Себеп дегенде, элибиз "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деп таамай айткан макалды эстен чыгарбоо абзел. 

Анын үстүнө Данияр Жаныкулов өз сөзүндө акча алып, акча берип жаткан видеодогу көрүнүш чын экенин мойнуна алып жатат. Бирок ал акчалар коррупциялык кандайдыр бир иш арекеттерге байланышы жоктугун, ооруп больницадан чыкканда ооруканага көрүп бара албай калган адам чай ичип коюңуз деп бергенин, дагы бирөөндө Ош облусунун өнүктүрүү долбоорун видео ролик кылып тартуу үчүн 100 миң сом акча бергенин билдиргени анчейин чындыкка коошпойт. 

Негизи, уруунун көчүгү кууш деп айтылгандай, Данияр мырза канчалык актанган менен журналист Ыдырыс Исаков абийирин айрандай эле төгүптүр. Исаковдун кабыргасынан коюлган суроолоруна кайпактап, тийди-качты кылып жооп берген менен баары бир чалыныптыр. 

Мына Ыдырыс Исаковдун: "Керим Макеевден больницага барбай калган үчүн акча алганыңызды мойнуңузга алып жатасыз. Бирок суммасын айткан жоксуз. Канча сумма эле?", - деген суроосуна 
"эки жүз доллар" деп жооп берди . Ошол эле кезде Керим Макеев болсо, "5 миң эле сом, эмне жүз миң сом дейсиңби?", - деп айтты. Экөөнүн сөзү эки ача чыгып, Жаныкуловдун калпы чыгып отурат. 

Чынында, конвертте канча сумма экенин экөө тең так айтпай чаргытып жатышат. Күмөн жаралат бекен? Таза ниеттен берилген болсо, экөө тең бир сумманы айтышмак жашырышпай. 

Ошондой эле, 140 миң сомго ролик тартууга байланыштуу анын 100 миң сомун бергени боюнча Жаныкуловдун айткан сөзү дагы мандемдүү, чындыктан алыс экени тергөөчүсү жок эле көрүнүп турат десек жарашат. 

Анткени, дал ушул жагдай боюнча Ыдырыс Исаковдун "эмне үчүн банк эсебине которбой накталай берип жатасыз" деген суроосуна: 
"Эми иштин жүрүшүндө ар кандай кырдаал, себептер болот. Ал жерде мыйзам бузган эч нерсе жок. Берилген нерсе берилди. Алар алып жатат. Накталай бере берет, кандай айырмасы бар", - суроодон буйтоого аракет көрүүдө.

Ал эми Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бухгалтери болсо "бизде ролик тартууга андай акча каралган эмес, келишим да болгон эмес", - деп биз эмне акча экенин билбейбиз дегенди айтып жатат. Мына бул жерден дагы иштин таза эместиги, берилген акчанын күмөндүү жагдайы булайып чыгууда. 

Кызыгы, Данияр мырзанын чуулгандуу видеонун коомчулукка тарап кетишин ошол кездеги өзүнүн "шефи" Ош облусунун иштен алынган губернатору 3иядин Жамалдинов уюштурган деген өңүттө социалдык тармактарга жазганы дагы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга жол ачат. Бул да болсо "жаман жайын айтам деп, баарын айтат" дегенди билдирет. 

Сөзүбүз куру болбош үчүн, Жаныкуловдун соцтармакта жазган комментарийине көңүл бурсак баары түшүнүктүү болот. Эмесе анын жазганын өзгөртүүсүз беребиз: "Нургазы Жамалдинов деген Зиядин Жамалдиновдун бир тууган иниси. Областтык окулчулукто айти адис болуп иштейт. Анын бул видеону жасап соцтармактардагы активистерге акча сунуштап, соцтармак аркылуу таратып бергиле деп жургондорун бир жума мурун укканмын. Бул жонундо соцтармактагы активистер деле акыйкат учун айтышса керек деп ойлойм. Жамалдиновдун толгон токой мыйзамсыз иштерин койчу эми битке тенелип койногумду орттобойун деген элем. Эми коп ишин ачыктайм жалпыга", - деп жазып жатат.

Мына, Жаныкуловдун сөзүнүн төркүнүнө үңүлсөк, ошондо ал Зиядин Жамалдиновдун былыктарын, мыйзамсыз иштерин билип туруп жашырып келген тура. Демек, табакташ. Кылмышты жашырып келгени үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек да чынбы? Качан гана өз башына күн түшкөндө Жамалдиновдун мыйзамсыз иштери эсине келгени аны кылмыш жоопкерчилигинен куткарбайт да. Өз абийирин өзү ачып жаткан Жаныкулов бул билдирүүсү Жамалдиновду дагы ала жатам дегени эмеспи...

Элибиз "өтө кызыл бат оңот" дешет. Жалпак тил менен айтсак, өңү тез эле өчүп, кунары кетет дегенди туюндурат. Анысы сыңары Данияр Жаныкулов Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматына жаңы дайындалган учурда кооз, патриот сөздөрдү сүйлөп, анысын социалдык тармактарда таратып "укмуш мекенчил иштин көзүн билген инсан экен, бизге ушундай жетекчи жетпей жаткан" дедиртип пиардын катыгын берген. 

Чынында, ал кезде Данияр мырзанын жалындуу сөздөрүн уккан адамдын ичи элжиреп, уккан кулагы семире тургандай эле бар болчу. Бирок, айтылган кооз сөздөр иштин жыйынтыгы менен бекемделбесе, блогерлик, курулай пиар менен алыска чуркоо мүмкүн эмес. Акыры түз эле жерден багалегиңе чалынып оңкоңон кетишиң мүмкүн. 

Мына ошондогу Кара-Суу районунун кайсы бир айылында сүйлөгөн сөздөрүнүн бирөөнө токтолуп көрөлү: 
"Биз Түндүктөн келдик. Тымпыйып келип, тымпыйып отуруп, буга чейинки отуз жыл мурунку жетекчилердей чөнтөгүбүздү кампайтып кетип калган колубуздан келет. Акылыбыз жетет. Чакырган жерине барып, ашып жеп, гөшүн жеп, машинага майын куюп, конвертин чөнтөккө салып кеткен биздин да колдон келет. Биз ал нерсени кылган жокпуз. Эртең Түндүктөн тигилер келгенде Кыргызстандын Ошу талкаланды эле деген сөздөн сакта деп Кудайдан беш убак суранып жатабыз. Мына Султан Ибраимов тууралуу жаман сөз айтып көргүлөчү, бетиңди тытып алат. Мен буга чейин ойлоптурмун Оштон болот экен деп. Мына Түндүктөн келип элге кызмат кылды, артында жакшы сөз калды. Ошондуктан, бийликтегилерге да, элге дагы уятка келе турган заман келди. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат делет. Кетебиз биз дагы. Бүгүнкү күнүмдүк кызыкчылыгыбызга алданбайлы", - деп жалындуу сүйлөгөн. 

Көрсө, сөз менен жасалган иш, чыныгы адамдык абийир ар дайым эле дал келбейт тура. Ошол үчүн кыргыз "акыл айтканга уста, ал өзүнө жукса" деп адамдын табиятынын татаалдыгын бүтүндөй бир сөзгө уютуп таамай айткан экен. 

Эми эмне дейбиз? Жыйынтыктап айтканда, мыйзам чегинде жооп берсе керек. Тергөө органдары ак-карасын аныктап, тиешелүү укуктук баасын айтаар. 


                                                                                                Алмаз Темирбек уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter