У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Данияр Жаныкуловдун акча алган окуяга жообу, же ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат...


Кечээ Ош облусунун губернатору 3иядин Жамалдиновдун биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун кабинетинде акча алып жатканы боюнча видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууланды. 

Айрымдар муну чагымчылдык катары баалашса, көпчүлүк Данияр мырзаны "сырты жалтырак, ичи калтырак паракор коррупционер тура" дешип катуу сынга алышууда.

Бул окуяга байланыштуу Данияр Жаныкулов өзү комментарий берип, маселенин чоо-жайы тууралуу айтты. Ал өз сөзүндө акча алып, акча берип жаткан видеодогу көрүнүш чын экенин мойнуна алып,  бирок ал акчалар коррупциялык кандайдыр бир иш арекеттерге байланышы жоктугун, ооруп больницадан чыкканда ооруканага көрүп бара албай калган адам чай ичип коюңуз деп бергенин, дагы бирөөндө Ош облусунун өнүктүрүү долбоорун видео ролик кылып тартуу үчүн 100 миң сом акча бергенин билдирди. 

Ошондой эле, Данияр мырза бул окуяны Ош облусунун губернатору 3иядин Жамалдиновдун кылганы деп социалдык тармактарга жазды. 

Бул тууралуу анын жазганын өзгөртүүсүз беребиз:
"Нургазы Жамалдинов деген Зиядин Жамалдиновдун бир тууган иниси. Областтык окулчулукто айти адис болуп иштейт. Анын бул видеону жасап соцтармактардагы активистерге акча сунуштап, соцтармак аркылуу таратып бергиле деп жургондорун бир жума мурун укканмын. Бул жонундо соцтармактагы активистер деле акыйкат учун айтышса керек деп ойлойм. Жамалдиновдун толгон токой мыйзамсыз иштерин койчу эми битке тенелип койногумду орттобойун деген элем. Эми коп ишин ачыктайм жалпыга", - жазды.

Тилекке каршы, Жаныкуловдун лоикасына түшүнүп болбойт. Ошондо Зиядин Жамалдиновдун былыктарын, мыйзамсыз иштерин жашырып келген тура. Демек, табакташ. Кылмышты жашырып келгени үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек. Өкүнүчтүүсү, качан гана өз башына күн түшкөндө Жамалдиновдун мыйзамсыз иштери эсине келгени кызык. Бул сени кошо сүйрөй жатам дегени эмеспи.

Кыскасы, окшошконго мушташкан дегендей, экөө тең кошоктошуп алышып иштен кетиши керек. Кызматтык иликтөө жүрүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликтери каралууга тийиш.


]


Пикир калтыруу
I'm in awe  of the variety and scale of these web slots. Truly impressive.  สล็อตค่ายใหญ่
It's disappointing  when a favorite slot breaks unexpectedly. Time for manufacturers to take  notice!  สล็อตเว็บตรง  แตกง่าย
Cool you compose, the data is great and fascinating, I'll give you a connection to my site.  รวมสล็อตทุกค่ายในเว็บเดียว
For some individuals this is the best arrangement here perceive how to do it.  เกมสล็อตโรม่า
I utilize fundamentally unrivaled textures : you will find these items by:  เกมไพ่ป๊อกเด้ง
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter