У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттин жубайы Айгүл Асанбаева реабилитациялык борборго 500 миң сом берди


 Бүгүн, 15-октябрда Улуттук филармонияда Чолпон-Ата шаарындагы "Ден соолук" реабилитациялык борбору үчүн акча чогултуу марафону өтүүдө.
 
Иш -чарага президент Садыр Жапаров, жубайы Айгүл Асанбаева, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышууда. Иш-чарага катышкандар борборду реконструкциялоо үчүн жардам көрсөтүшүүдө. 
 
"Алтын Балалык" реабилитациялык борборун реконструкциялоо үчүн президенттин үй -бүлөсүнүн атынан 500 миң сом каражаттын президенттин жубайы Айгүл Асанбаева тапшырды.
 
Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" реабилитациялык борборуна каражат чогултуу марафонунда президенттин жубайы иш-чаранын актуалдуулугун белгиледи. 
 
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президенттин үй -бүлөсүнөн келген жардамдын суммасын айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter