У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдыгулов: Сунушталып жаткан финансылык технология боюнча мыйзам долбоору өлкө үчүн кооптуу


 Жогорку Кеӊештин депутаттары Самат Ибраев менен Бактыбек Турусбеков тарабынан демилгеленген финансылык технология боюнча мыйзам долбоору Улуттук банк үчүн да, өлкө үчүн да өтө кооптуу. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда кызматынан кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
 
Анын айтканына караганда, аталган мыйзам долбоорун сунуштап жаткандар фиансылык технология деген атка жамынып, чынында ага тиешеси жок системаны киргизүүгө аракет кылышууда. 
 
"Биринчиден, дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, дүйнөдө Улуттук банк эсеп ачып, жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу", — деди Абдыгулов.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter