У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров депуттардын ишин жогору баалап, парламентти "легендарлуу парламент" деп атады


 Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштын депутаттарынын ишин жогору баалады жана парламентти "легендарлуу парламент " деп атады. Бул туурадуу депутат Самат Ибраев парламенттин жыйынында билдирди. 
 
Бүгүн ал кесиптештеринен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов каршы болгон финансылык технологиялар боюнча мыйзам долбоорун колдоону суранды.
 
"Мыйзам долбоору боюнча пикириңиздерди активдүү билдирип, колдоп берсеӊиздер. Садыр Нуркожоевич биз менен акыркы жолугушууда биздин ишибизге жогору баа берип, парламенттин алтынчы чакырылышын «легендарлуу парламент» деп атаганын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Бул өтө чоң жоопкерчиликти жана чоң милдеттерди коёт. Бул саясий чечим, мыйзам иштеп калса Борбор Азиянын финансылык борборуна айланабыз", — деди Ибраев.
 
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов "каржы системасын талкалап алабыз" деп бул мыйзам долбоорго каршы чыгып келет. Бирок Ибраев Абдыгуловдун чочулоосун «жомок» деп атады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter