У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулуна байланыштуу чечимди жокко чыгарды, иш кайра каралат

 
5-апрелде Бишкек шаардык соту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тамирлан Ташиевге карата биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. 
 
Буга чейин Темирлан Ташиевдин жактоочулары экинчи инстанцияга кассациялык даттануу берген. Адвокаттар УКМКнын башчысынын уулун актоону суранышты. Соттук коллегия өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырды. Иш жаңы кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү
 
Эске салсак, Темирлан Ташиев 2013-жылы дөңгөлөктөрдү уурдоого шектелип кармалган. Бир жылдан кийин иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Жабырлануучулар жеке-мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартышкан жана Темирлан Ташиевге карата сот иши токтотулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter