У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс -президент Сооронбай Жээнбеков жана депутат Асылбек Жээнбеков сотко чакыртылат


Бүгүн, 16-декабрда Жогорку сотто саясий туткун, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-башчысы Абдилат Капаровдун Ош шаардык сотунун чыгарган чечимине карата жазган доо арызы каралды. Бул тууралуу Абдилат Капаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
 
Жактоочунун айтканына караганда, Ош шаардык соту Абдилат Капаровду губернаторго, премьер-министрге, өлкөнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбековго жана спикер Асылбек Жээнбековго моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 250 000 сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү жөнүндө чечимин аткарбаганы үчүн 4 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Ал төрт жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 2020-жылдын 5-6-октябрында бийлик алмашып, Жээнбековдор бийликтен кеткенден кийин мыйзамсыз соттолгон милициянын полковниги Капаров түрмөдөн бошотулуп, сот адилеттигин калыбына келтирүү боюнча сот бийлигинин жогорку органына кассациялык даттануу менен кайрылган. 
 
«Жабырлануучулар Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сот залына келген жок, муну менен сотту жана процесстин башка катышуучуларын сыйлабаганын көрсөтүштү»,-деди жактоочу. 
 
Соттук коллегия жабырлануучулар сот залына келбегендигине байланыштуу процессти 2021-жылдын 12-январына жылдырып, А.Капаровдун аларды сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter