У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элбек Хабибуллаев: «Өзбекстандын максаты Сох анклавына коридор ачуу болчу…»


 Кечээ, президенттин басма көз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы туурасында маалымат берип жатып, «Кыргыз тарап Кыргызстанда жайгашкан Сох анклавына авиа каттамдарын жана транспорт жолдорун ачууга даяр, Өзбекстан буга чейин талаштуу болуп келген Үӊкүр-Тоону берүүгө даяр»,-деп билдирди. Анын мындай билдирүүсүнөн кийин коомчулукта кызуу талкуу жаралууда. Мына ушул Сох анклавына жол ачылса, кандай болот деген суроолорго фейсбук колдоонучусу Элбек Хабибуллаев өз пикирин жана сунушун социалдык баракчасына жазды. 
 
Тест өзгөртүүсүз берилди:
 
«Президенттибиз С. Жапаровдун Өзбекстанга барган иш сапарын кыскача АНАЛИЗ жана СУНУШ
Тыйындын экинчи тарабын да көрүп коюңуздар! "Берген кол, алган колдон дайыма артык"! 
1🔴Уңгар Тоо мурдатан бери эле биздики болуп келген, бир гана 111, 113, 114 чекиттери болсо керек эле, ушул чекиттер эки өлкөнүн да картасына кирбей калган дешет. Бирок ал жерлерди Кыргыздар колдонуп келген. Кыргыз аскерлери кайтарган. Кыргыздардын радио станциясы бар эле. Өзүбүздүн жерди өзүбүзгө бергенге ыраазы болгонго уялалы келечек муун астында.  
2🔴Экинчи 127,6 млн доллар деп мактанып жаташат? Бул кандай келишим ага көңүл буруш керек. Сумманы көрүп алып эле кубанган болбойт. Эгерде Өзбекстандан Кыргызстанга импорт көп болсо, бул дагын бир чоң кемчилик, өлкөбүзгө дагын бир чоң кедергесин тийгизет. Өзбекстандын өнөр жайы, заводдору, туризм жааты толук өнүккөн десек болот. Алар биздин ишкерлерди толук кууп чыгуусу мүмкүн. Ансыз деле өзбек тарап Кыргызстанга көп экспорт кылуу сүйлөшүлгөн болсо керек, себеби, алар биздин эмес, биз алардын товарларын көрүп талкуулап, соодалаштык. 
3🔴Сохко коридор берилсе, алар Сох дарыясынын жээгине, сууга, бак дарактарга, жерге ээлик кылып алышат? Ал жер биздики болсо да алар сууну буруп алып же дагын башка кылып, аябай көп чыр чыгат. Анан да эртеңки күн эмне болоорун эч ким билбейт? Өзбек тараптын бир гана максаты коридор ачуу болчу…
4🔴Сох анклавына эл батпай, акырындык менен көчүп баштаган болчу. Эми алар жерлерин чоңойтуп, жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруп, Аэропорт, ТЭЦ, Завод ж.б өндүрүштөрүн күчөтүп, кыргыз жайытына, суусуна, абасына ээлик кылат. Ойлонгулачы суранам.
5🔴Баткен району, Лейлек районунун тургундары анклавда калып кетүү коркунучун айтпасам да жакшы билесиздер.
6🔴 Өткөрмө пункттар ачыла турган болсо Кыргызга эле кыйын, себеби, Кыргызстанга арзан жумушчу күчү тартылат. Бул өзүбүздүн эл арасында жумушсуздукту күчөтөт. Кыргыз өндүрүшчүлөрдү сүрүп чыгат, себеби, аларда мамлекеттик органдары экспорттоого жардам берип, бирдиктүү иш алып барат. Алар бир да биздин товарды өткөзө койбойт билсеңер. Көргөзмө үчүн гана кылышат баарын. Биз 8 өткөрмө пункту ачууга толук каршы болуубуз кажет. Себеби, өткөрмө пункттары ачуу менен биз эч кандай пайда таппайбыз. Биздин экспортубуз жокко эсе, башка жака экспорттоо керек. Биз ЕАЭБге жөндөн жөн эле кирдикпи эмне?
7🔴 Сохко коридор берүү менен биз Өзбекстан менен мамиледеги эң чоң рычагды жоготобуз. Андан кийин өзбектерге бир сөз айтып көрчү, макул болоор бекен? 
                    СУНУШТАР:
✅Биз Баткен облусуна жаңы өзгөчө облус статусун берип, чек ара аймактарыбызды, Сох анклавын толук көзөмөлгө алып, ал жердеги элдердин экономикалык ишмердүүлүгүн жандантып, колдоого алмайынча бул маселени көтөрүүгө болбойт. 
✅ Сох жана Өзбекстан жолундагы аймака аскердик базаларды куруу менен, калкты отургузуп, жаңы айылдарды түзүү керек. Андан кийин коркунуч жоюлган соң бул маселени талдап көрсө болот. 
✅ Өзбекстан менен Кыргызстан өткөрмө пункттарынын 7,8 баарын эмес, экөөсүн ачкан жетиштүү. Себеби, Кыргызстандын Өзбек жарандары менен Өзбекстандын жарандары ортосунда да карым катнаш күчөөсү, паспорту жок келиндердин көбөйүүсү пайда болот. Бул маселе азыр да бар. Мен өзүм жакшы билем. 
✅ Өткөрмө пункттарды ачуу бизге пайда алып келбейт. Себеби, биздин ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн анчалык чоң экспорт кылуу потенциалы жок. Бир гана өлкөгө импорт болот. Бул жерден белгилүү эле Кыргызстандыктар, өзбектердин дилерлери бай болот. 
✅Өткөрмө пункттарды ачуу менен арзан жумушчу күч келип, кыргыз жарандарын толук жумушсуз калтыруусу күчөйт. Ошол себептен, бир же эки пункт иштесе жетиштүү.
✅Сох анклавы бул Өзбекстан менен сүйлөшүүдөгү чоң рычаг. Чоң рычагдан кол жуубаш керек. Бул алардын жалгыз максаты. 
✅ Баткен облусуна өзгөчө макам иштеп жазып жаткан өкмөттүн курамына жергиликтүү активдүү жарандарды кошуу керек.
✅3 айда чек ара боюнча талаш маселелердин баарын чечүүгө Өзбекстан жөндөн жөн макул болбойт. Алар чоң утушка ээ болгону үчүн жан талашып, скорыйды сразу алып келип берип жатат. Биз 3ай деген срокту жокко чыгаруубуз кажет. Бардык процедуралар каралсын. Алмашылуучу жерлер болсо, ал жерлердин кең байлыгы, кыртышы баары изилденсин. Бул жумуштар 3айда бүтө турган иш эмес.
 
Урматтуу өлкө башчы Садыр Жапаров , Садыр Жапаров жана кыргыз өкмөтү Улукбек Марипов  Сох маселесин эл менен тыгыз сүйлөшүп, элдин үнүн угуп, анан чечим чыгарышыңыздарды суранабыз. 
 
Урматтуу Замир Айылчиев байке төмөнкү сөздөрдү эске алып койсоңуз, бул жөн гана жакшы сунуштар. Сизге жакшы сунуштарды жеткирет, жакшы сунуштарды айтат деп ишенебиз. Анан да Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча иштеп жаткан өкмөттүн жумушчу тобуна активистерди кабыл алсынчы? Эл менен чогу жакшы план иштеп чыкса, ошондо ал план ишке ашат. Абдан жакшы механизмдер бар! 
 
Урматтуу Галина Байтерек айым Сох анклавы боюнча келишимдер тууралуу дагын да видео кайрылуу аркылуу түшүндүрмө берип койсоңуздар? Кайсыл негизде, кандай шарттар менен авиация коридору жана жол коридорун ачуу каралып жатат? Өткөрмө пункттарды ачуунун негизги себеби, эмне болду?
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter