У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Галина Байтерек: «Кыргызстан Сох анклавына жол ачса, Өзбекстан Үӊкүр-Тоону берет»


Кыргыз тарап Кыргызстан аймагында жайгашкан Сох анклавына аба каттамдарын  жана транспорт жолун ачууга даяр. Сох анклавынын жашоочулары чек арадан ээн-эркин өтө алышат. Өз кезегинде Өзбекстан Кыргызстанга ушул кезге чейин талаштуу аймак болуп келген Үӊкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу кыргыз президенттинин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.
 
Анын айтымында, жакынкы күндөрү мамлекеттик чек арадагы 7 өткөрүү пунктунун иши жандандырылат, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечип, өткөрүү бекетти керектүү жабдуулар менен камсыз кыла турган болду. 
 
Кыргызстан менен Өзбекстан жакынкы айларда, тактап айтканда 3 айдын ичинде чек ара маселесин чече турган болушту. 
 
Буга чейин Үӊкүр-Тоо талаштуу аймактардын катарында кирип келген. 2016-жылы ошол аймакта чыр чыгып, Өзбекстан талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан. Үӊкүр-Тоодо Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter