У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Илдетке чалдыккан бейтаптар дарыларды ичүүдөн баш тартышууда...

Автордун кайрылуусу өзгөртүүсүз текст түрүндө берилди...

Урматтуу кыргыз элим! Урматтуу президент!  Урматтуу башкы прокурор!

Мен Макеналиев Орозбек 4-апрель, 2020-жылы Нарын облустук жугуштуу оорулар ооруканасынан кайрылып жатам. Менин сиздерге кайрылуумдун себеби 15-мартта Пакистандан Кыргызстанга келгем. Биздин жааматта 6 киши бар болчу. Биз аэропорттон түшкөндө биздин дене табыбызды текшеришип, карантин жөнүндө эч нерсе айтышкан эмес.

Мен 15-марттан 19-мартка чейин улуу уулумдун үйүндө  Бишкекте болгом. 19-мартта такси менен жубайым экөөбүз Нарынга кичүү уулумдун үйүнө келгенбиз. Үйдө 22-мартка чейин болгом.

22-мартта мага Бишкектен телефон чалышып, сиз келген экипаждан вирус аныкталып жатат дешти. Ошол күнү кечинде тез жардам менен  терапияга алып келип, “үч күн жатасыз, анализ алабыз” дешти. 23-мартта анализ алышып, 28-мартта мени жугуштуу оорулар ооруканасына которушту.

22-мартта түндө жаш баланы алып келип мага кошуп жаткырышкан. Экөөбүз үч күн чогуу жаттык. Үчүнчү күнү ал баланын дене табы көтөрүлүп, аны жугуштуу оорулар ооруканасына которуп кетишкен. 

28-мартта мага дарыларды бере баштады. Ичпей баш тарттым. Башкы дарыгер “сиз ичишиӊиз керек” деп мажбурлай баштаганда, мен анализди талап кылдым. Кечки саат 8-9дарда “сиздин анализиӊиз күмөндүү болуп жатат” дешти. 

29-март күнү эртеӊ менен Башкы дарыгер чалып, “сиздин анализиӊиз күмөндүү экен” деди. Ошол эле күнү үй-бүлөмдү алып келип ооруканага жаткырышты. Уулум экөөбүздү бир палатага, жубайым менен келинимди бир палатага жаткырып, дары бере башташты. Дарыны ичкен түнү аябай кыйналдым. Денемди кара тер басып, ары барып эле бери келдим. Уулумду чакырып суу ичип эс алдым. Дарыгерлерди чакырсам жарым сааттан кийин келишти. Келип кан басымымды, дене табымды текшеришип, баары жакшы экен деп кетип калышты. 

Эртеси ошол дарыны бере баштаганда уулум экөөбүз баш тарттык. Аялым менен келиниме кечээ күнгө чейин ушул дарыны беришти. Дарыны ичкенден тартып абалдары начарлап кетти. Кечээ кечинде дарыларды ичерде мен урушуп ичирбей койдум. Кудайга шүгүр, бүгүн аялымдын абалы жакшы болуп калыптыр. Эртеӊ менен да дарыларын алып келгенде, мен дарыгерлер менен урушуп ичирбей койдум. Ошол дарылардын кесепетинен аялым менен келинимдин абалдары начарлап кетти. 

Эгер менде вирус болсо, аялымды эмнеге 15 күндөн кийин жаткырып жатышат? Эгер менде вирус болсо, мени менен келген 6 кишиден вирус чыгат эле? Эгер менде вирус болсо, мени менен үч күн жаткан баладан вирус чыгат эле? Алардын баары таза болуп чыгып жатат. Эгер менде вирус болсо төрт күн Бишкекте жүрдүм, ошол кезде кимдер менен жолуксам ошолордон вирус жугат эле. Менин анализимди алган лабораториянын туура чыгарганына күмөнмүн.

Кошумча анализди болсо 3-апрелде түндө алышты. Азыркыга чейин анын жыйынтыгы чыга элек. Биз бул ооруканада жатып айыкпастан кайра ооруп жатабыз. Мен сиздерден суранарым, ушул вирустун бар же жок экенин так аныктап бериӊиздерди суранам. 

Менин айыман көп деген кишилерди бушайман кылып, ага-тугандарымдын бүт баарын теӊ карантинге алып жатышат. Мен байланышта болбогон адамдарды деле алып келип жаткырып жатышат. Кайнимди чыгарып жиберишти эле кечинде кайра алып келип жаткырышты. Мен сиздерден ушул иштин акыйкаттыгын аныктап берүүӊүздөрдү суранам.  



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter