У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Чүйдө 15 адам жаман вирус жуктурду" деген жалган маалымат тараткандар колго түштү


Үрөйү учуп араң отурган элди ого бетер коркутуп, жалган маалымат тараткандар мындан ары катуу жазага тартылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети өлкөдө өзгөчө кырдаал жарялангандан тарта айтып келишет. Бирок, ошого карабай, оюндан от чыгарып, бекер жата албай жалган маалымат тараткандардын аягы сууй элек. Дегеним, коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы эки жаран кармалды.

УКМКдан билдиргендей, 25-26-мартта ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1992-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Русланбеков Эрлан Русланбекович жана 1993-жылы туулган Чүй областынын Жайыл районунун тургуну Сыргабаев Адилет Сыргабаевич кармалды.

Сүрөттөгү эки жаран социалдык тармактар аркылуу "жергиликтүү райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жатат" деген жалган маалыматтарды таратышкан.

Кармалгандар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. Аларга түшундурүү иштери жүргүзүлүп, аталган факты “Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууга аракеттенүү” беренесинин белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter