У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финпол: "Кампадан табылган дарылар катылган эмес, сатыкка чыкмак..."


Элди чуу кылып кампаларда катылып жаткан дарылар табылды деген маалымат тараган. Көрсө ал дарылар катылбаптыр, мына сатыкка чыгайын деп турган дарылар экен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда дары каражаттары катылган эки кампа аныкталганын жар салган эле. Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, кампа ээлеринин максаты таңсыктык маалында препараттардын баасын көтөрүү болгон.
 
Финпол сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзгөн.

"Тергөө учурунда аталган дары-дармек сатыкка чыгаруу үчүн республиканын аптекаларына жөнөтүлмөгү аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кызмат дарыга бааны негизсиз көтөрүүнүн алдын алуу боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө бааны кымбаттатуу, дарыканаларда кассалык аппараттарды иштетпей коюу, дарыларды алып сатуу, препараттарды тиешелүү документтерсиз сатуу сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter