У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медкызматкерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланат (Тизме)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
 
Жарлыкка ылайык, коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:
 
III даражадагы «Манас» ордени менен:
 
Аалиев Гулжигит Кенжекараевич -Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;
 
Марипов Асамидин- Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору;
 
«Даңк» медалы менен:
 
Джумаканова Айгуль Бейшебаевна -Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун начальниги;
 
Кабылова Бегим Доолотовна — Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
 
Мадраимова Гулийпа Гапыровна —Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы;
 
Берилсин:
 
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам:
 
Бектенова Тамара Тойчуевна — Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитологиялык лабораториясынын башчысына;
 
Голощапова Галина Николаевна—Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын УЗИ врачына;
 
Жаркынбаева Бурулбүбү Айтмамбетовна—Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын № 9 бөлүмүнүн башчысына;
 
Жоробаев Үсенкул Салиевич —Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо функциясы менен Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басарына;
 
Касмалиева Калбүбү Кемеловна —Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
 
Калмамбетова Гульмира Исмаиловна —Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс лабораториясынын башчысына;
 
Кыргызбаева Атыркүл—Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарына;
 
Мамбетов Малик Кусеинович—Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;
 
Масымбаева Элмира Бакасовна—Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиолог-врачына;
 
Мурсалиев Асадилло Юлдашевич—Жалал-Абад облусунун С. Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
 
Насиров Абдымомун—Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун транспорттогу «Ош» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктунун башчысына;
 
Рыскулбекова Айнагуль Байсаловна-Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысына;
 
Рыспекова Гульнара Асанаевна-Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;
 
Сагындыкова Чолпон Аксаккоевна-Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;
 
Сыдыкова Фариса Аскеровна-Бишкек шаарынын № 14 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк врачына;
 
Тойтонов Исламбек-Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын № 2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
 
Турдуматова Акшоола Болотбековна-Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;
 
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
 
Абдураимова Жанна Сулаймановна-Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;
 
Акматова Айнура Бектургановна -Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги;
 
Ашыралиева Дамира Омурзаковна-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери, вирусологу;
 
Бакирова Зарина Убайдуллаевна-Ош облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы;
 
Бектурганов Улукбек Бектурсунович-Чүй облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы;
 
Галбаев Нурлан Басытович-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
 
Жороев Акжол Осмоналиевич-Баткен облусунун Лейлек райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;
 
Исабекова Назира Сагынбаевна-Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
 
Исманалиева Диларахан Айдаровна -Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
 
Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна- Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борборунун директору;
 
Калдыбаева Айнек Сетенбаевна -Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын медайымдар иши боюнча орун басары;
 
Кучук Татьяна Энверовна-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык жугуштуу ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоо илимий-практикалык борборунун жетекчиси;
 
Мамажанов Дилшод Бахтиярович-Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык контролдоо адиси;
 
Ражапбаева Атиргүл Шүкүрүллаевна-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн бактериологиялык лабораториясынын башчысы;
 
Сооронбаева Эркингүл Жусуповна-Нарын облусунун Ат-Башы райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологунун жардамчысы;
 
Тойлубаева Рахат Мискинбаевна -Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
 
Чоробаева Нургүл Тургунбаевна -Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Жалпы врачтык практикалоо борборунун медайымы;
 
Шерматова Мастура Умирзаковна -Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы;
 
Эсенгельдиева Гульбарчын Муратовна-Бишкек шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter