У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кече барымтага алынган аялдын абалы оор, ал бир нече жерине бычактан жаракат алган…

Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
 
"Абалы өтө оор. Комада жатат, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Моюндун тамыры кесилип, кан көп кетип калган. Азыр кан куюп жатабыз, кан басымы да түшүп жатат. Мойнунан тышкары далысына жана башка жерлерине сайгылай берген", — деди дарыгер.

Кечээ, 17-июнда, День Сяопин көчөсүндө 20:00дөр чамасында эркек киши чогу жашаган аялды бычак менен коркутуп, кафенин ичинде барымтага алган. Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Алар аялды бычак менен коркутуп жаткан жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок ал сүйлөшуүдөн баш тарткан. Барымтага алынган аял кыйкырган учурда, милиция кишинин колундагы кооптуу бычакты кармап калган. 
 
Кармалган киши Биринчи май ИИБге жеткирилген, ал эми аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.  Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 
 
Кармалган кишиге карата "Адамга өлтүрүү үчүн кол салуу" беренеси боюнча иш козголгонун тиешелүү мекемеден билдирди.
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter