У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тамтык жок...Сокулукта адам уурдап барып, аёосуз сабагандар кармалды


Чүй областынын Сокулук районунда адам уурдоого шектелген жарандар тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин криминалдык милиция кызматы адам уурдоо жана денесине оор залал келтирген факты боюнча адамдардын тобун кармашты.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери адам уурдоого шектелген адамдарды кармоо үчүн атайын операция жүргүзкөн. Анда ушул жылдын июнь айынын башында белгисиз адамдар мурда соттолгон адамды борбордогу базарлардын биринен уурдап кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Операцияны криминалдык милиция кызматкерлери менен Ленин РИИБинин кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Кармоо операциясы Күн-Туу айылына жакын жерде болгон. Анда шектүүлөр мыйзамсыз аракеттерди жасоо учурунда кармалган. Алар Ысык-Көл, Жалал-Абад облусунун тургундары. Кармалган 4 жарандын бардыгы мурда соттолуп чыккан. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда турган.

Ал эми жабырлануучу дагы мурда сот жоопкерчилигине тартылган, анын денесине оор зыян келтирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыш шектүүлөр менен жабырлануучулардын ортосундагы кастык мамилелерден улам келип чыккан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Учурда бардык жагдайларды аныктоого иштери жүрүп жатат.Кармалгандар жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter