У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Империя Пиццы» кафесинен тамакка уулангандардын саны 85 адамга жетти


25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-аштан ууланып дарыгерлерге кайрылгандардын жалпы саны 85ти түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Учурда 1 бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
 
Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар ар кандай пункттарда жайгашкан " Империя Пиццы " тамак жешкени аныкталган.
 
Кечээ Саламаттыкты сактоо министрлиги 12 ууланган тууралуу кабарлады. Министрликтин маалыматы боюнча, алар «Империя Пиццы» кафесинен тамак (роллы) жешкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter