Байтиктеги тамакка ууланган окуучулар. Жетекчилер менен кызматкерлер айыпка жыгылды
- 11.12.2020, 11:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернаттын жетекчилиги менен кызматкерлери айыпка жыгылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө "Кут Билим" мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Учурда баарынын абалы канааттандырарлык.