У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда орточо эмгек акы 20 миӊ сомго чамалады


 Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 19 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов республиканын 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, орточо эмгек акынын өсүшү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2%ды түздү.
 
"Эмгек акынын эң олуттуу өсүшү транспорт секторунда жана товарларды сактоодо - 31,7%га, мүлк менен болгон бүтүмдөрдө - 16,4%га, маалымат жана байланышта - 16,1%га, өндүрүштө - 13,2%га, тоо-кен өндүрүшүндө - 11,1%га байкалган", - деди Шокенов.
 
Булак: akchabar.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter