У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арада жабыркагандарга компенсация төлөөгө 50 миллион сом керектелет


Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга компенсация төлөө үчүн 48 миллион 700 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика министри Улукбек Кармышаков брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, сумма өзгөрүшү мүмкүн, жана бул маалымат алдын ала маалымат.
 
«Бул акчаны бөлүү үчүн биз башка чыгымдарды кыскартпайбыз. Алар республикалык бюджеттин өзүнчө статьясында каралган. Белгилүү болгондой, өкмөткө тез арада жабыркагандарга каражат бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Ал компетенттүү адамдардан жана коомчулуктан турат», - деди чиновник.
 
Буга чейин президент Садыр Жапаров курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 миллион сомдон төлөнүп берилерин, жакынкы аралыкта үйлөр жана социалдык объектилер калыбына келтирилээрин билдирген.
 
Чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болду, анын ичинде балдар да бар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter