У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кумгандын кудурети...


Күйдүргү... 
Жетекчи болууну эңсеп көптөн бери кыялданып, өң­үң керсары тартып, кыйналып, уйку бетин көрбөй жаман болуп жүрөсүңбү? Анда анын дарысы бар. Жылтыраган столду кучактап, жумшак креслого чалкалай отуруп, кол алдыңдагылардын көзүңдүн агы менен тең айланган учурун самап, бушайман жеп, ичиңди күйүт басып, маанилүү, мансаптуу чоңго айлана албай ар кандай айла-амал издеп, убара тартып кыжалат болуп жүрсөң, кумгандын кудуретин пайдалан. 

Ээ бурадар, үйүңдө кумган барбы? Бар болсо, жогорку кызматка жетүүнүн эң эффективдүү жолу ошол деп бил. Ал үчүн кумганды үч маал жылтырата сүртүп, жакшылап бак. Анткени ал сени көөдөнүңдүн түпкүрүндө көксөгөн үлкөн кызматка жеткире турган бирден-бир жападан жалгыз ишенимдүү жарагың болот. Ал кандай сыйкырдуу кумган, ичинен жин чыгабы деп түшүнө албай турасыңбы? Анда жакшылап кулак сал. 

Ал кадимки эле күндө колго суу куюуп, жүзүңдү чайып, тиричилик турмушта пайдаланып жүргөн – кумган. Мына ушул жөнөкөй эле көрүнгөн кумган, сени эң жогорку ийгиликтерге жеткирет, байлыкка маарытат, кызматтан-кызматка секиртет. Бирок бир нерсени жакшы түшүнүш абзел. Кумган үйүңдө тура берсе эле, баш айланткан  ийгилик өзү келе бербейт. Аны чебер кол менен аяр, аздек уруна билишиң зарыл. Себеби, кумган өтө чоң шык-жөндөмдү, талантты жактырат. Ансыз анын кереметтүү касиети иштебейт. Демек, сен бүркүттөн көрөгөч, түлкүдөн куу, сагызгандан сак, кузгундан сук, бетегеден жапыз, суудан тайыз сапатка жөндөмдүү болушуң кажет. Антпесең кумганды эч качан колдоно албайсың. Сага эзели пайдасы тийбейт. Муну илбериңкилик менен кабыл алып, түшүнгөнүң жөн. 

Эмесе кайсы бир орунду көздөп, ага жетүүгө жандалбастап, тынчың кетип, уйкуң келбей, Ата-Журт, эл-жер, мекен түккө арызбай, көзүңө кылча көрүнбөй калдыбы? Болду, анда ал кызматка жетүү үчүн күнү-түнү тыным албай, айлап-жылдап аракет кыл. Элибиз бекеринен “аракет кылсаң берекет, саргара жортсоң кызара бөртөсүң”, - дешкен эмес. Айтса-айтпаса төгүнбү? Калетсиз сөз. Ушул сөздү идеал тут да ишиңди башта. Алдыга умтул, максатыңан талба, көздөгөнүңдөн кайтпа. 

Айткандай, көздөгөн багытыңа сапар тартканда кумганды унута көрбө. Башкасын унутсаң дагы кумганды унутпа. Сен багынтчу асыл максат, аруу тилектер кумгандын кудурети аркылуу ишке ашаарын эсиңден чыгарба. Андыктан кумганды жаныңдан чыгарбай өзүң менен чогуу алып жүрүшүң милдет. Эң негизгиси кайда болбо, кумгандагы сууну ырастай жүр. Суу ысык да, муздак болбоого тийиш. Ушуга кылдат маани бер. Себеби, сен байкатпай, билгизбей кайсы бир атаандашыңдын ордун ээлегени жатасың да. Ошол себептен үйдөн чыгаарда кумганыңа жакшылап көз жүгүртүп кой. Кокус, жуп чоңуңа жетип, атаандашыңдын артына суу куюп баштаганда сууң түгөнүп калып, болбосо ысык болуп күйгүзүп, же муздак болуп ичиркентип жибериши мүмкүн. Анда эле изги тилек, аруу кыялдар талкаланды дей бер. Натыйжада, баарын кайра баштан баштоого туура келет. Ага канча убакыт кетет. Мезгилден уттурасың. Андыктан алгач сууну ысык да, муздак да эмес, жагымдуу кылып ырастап ал. Андан соң ишенимдүү түрдө чочуркабай куя берсең жарашат. 

Ошентсе да, бир нерсени көңүлгө түйүп алган максатка ылайыктуу. Тагыраак айтканда, адегенде, ити чөп жеп, ташы жогору кулап турган кожоюнуңду жаңылбай тандап, колуна суу куюп үйрөн. Анын көңүлүн тап, жүрөгүнө жак, ишенимине кир, колдоосуна ээ бол. Эгер ушуларга жетише алсаң, ийгиликтин даңгыр жолу ачыла баштаганы ошол. Айтор, сага тараза ташы оогончо кожоюнуңдун колуна суу куюп көн. Кийин анын артына дагы суу куйчу учур келет. Ал убакта сен дагы бир көрүнүктүү көзүрлөрдүн бирине айланып калышың ажеп эмес. Ага чейин сыр алдырбай, суу куйгандын ык-амалдарын кылдаттык менен өздөштүрүп, кожоюнуңа кошомат кылып жагына бер. Качан гана анын колдоосуна ээ болуп, ишенимине кирген соң, сага жакпаган тегерегиндегилерди тазалоонун камын көр. Кийин өзүнө да кезек жетет. Төө кыядан өткөн соң оо дегениң курусун болбой, баарын өз учурунда жаса, темирди кызуусунда сок.

Ал үчүн сага кудурети күчтүү кумган жардамга келет. Өзүңө сырдаш кумганыңды көтөрүп алып, жолуңа бөгөт болчуларга суу куюп башта. Ийгилик жылоолочу ишти эртеңкиге калтырып жалкоолонбой, убакыттан уттурбай, дал учурунда куюп тур. Алгач, жылжытып аз-аздан куюп көндүр. Болбосо чочутуп аласың. Чочутуп алдың дегиче бүттү, ишиң айрандай башташы ыктымал. Дегеним, азыр ар кимде бирден кумган бар. Бул учурдагы табигый көрүнүш. Шек алдырсаң сенин артыңдан суу куюлуп баштайт. Демек, эч кимге сыр бербей куйганга аракет кыл. Ары караса эле билмексенге салып куя бер. Андан такыр тажаба. Орто жолдон куру намыс кылып таштап салба. Ар кимдин артына суу куюп жүргөнүңө арданба, теригип намыстанба, ойлонуп капа да болбо. Эгер бирөө жарым бир нерсе десе, азыр заман ошондой деп кутул. Жаакташып айтышып, ит жебеген бокту жешип убара тартпа. 

Азыркы тапта кызматка жетүүнүн эң оңой жөнөкөй жолу кумганды мыкты пайдалана билүү. Бул өзгөчө чеберчиликти талап кылган кесипке айланган. Дегинкиси, кумгандагы сууну куя билүүнүн сырларын терең өздөштүрүү, учурдун орчундуу көйгөйлөрүнө жатат. Баса, айрымдар кумганга ыраазы болбой, бочкалап куям деп жаңылышат. Сен аларга теңелбе. Мен деле чакалап, бочкалап куям деп жутунба. Анткени, чака, бочканы к­өтөрүп жүрүшүңдүн өзү азап. Анын үстүнө элдин баары көрүшөт. Атаандаштарың дагы туюп калышат. Анда эле план, сырларың ачылып, аздек туткан максатың кыйрайт. Ишенимден дагы кетип калышың мүмкүн. Ошондуктан кумгандан өтөөрү жок. Чакан десең чакан. Коюнга катып алсаң да болот. Урунганга эптүү. Чочутпай, бир калыпта жылжытып куйганга ыңыгайлуу. Кыскасы, кумнгандын кызматын баалап, ченөөгө мүмкүн болбой турган кез. Кумганды баардык турмуш-тиричилигиңе пайдалансаң болот. Ал түгүл оппозиция болсоң да, бийликке келсең да зор пайдасы тиет. Ошол себептен үлкөн кызматтагылар кумгандын кудуретин куп гана пайдаланып келишет. 

Бүгүнкү күндө оппозицияң да, бийликтегилериң дагы бири-биринин артынан суу куюп жүрүшөт. Бул тынымсыз жүрүп туруучу процесс. Андыктан коркпой-үркпөй, тайсалдабай, жалтактабай, уялбай эле куя бериш керек. Азыр уят, абийир, намыс жок. Аны ойлогондор “иттен жок, же ит байлаган жиптен жок” жүрүшөт. “Эл эмне дейт, киши укпасын” деген доор бүткөн. Эл оозунда элек жок. Элди түк ойлобо. Эл-эл деп курулай эле кыйкыра беришет. Муну баары жакшы билишет. Эң негизгиси максатыңа жетсең болду. Ошентсе да, ара-чолодо эл-эл деп кыйкырып турушуң да керек. Ансыз болбойт. Антпей койсоң атың чыкпайт. Топураган “даканса” топтун колдоосуна ээ болбойсуң. Кызматка жеткен соң ким эмне болсо ошол болсун. Ичкен-жегениң кенен болуп, бала-бакыраңа, урук-туугандарыңа жетсе болду. Элдин бошогон аякты жаласа да күнү өтөт.

Кокус, ичкен-жегениң билинип калса чет өлкөгө куйрук түйүп кач. Ак жериңден куугунтук, запкы тарткан саясий качкын атыгып, топтоп алган байлыгыңа чардап жата бер. Интернет аркылуу элим, мамлекетим деп оозуңдан көк түтүн чыкканча, ичиңден кан өтүп жаткандай түр көрсөтүп байма-бай билдирүү жасап тур. Ватсап группаларды түзүп, элдин башын маң кылып жалганды чындай айткандарыңды таратып упай топто. Анан бийлик алмашып кетсе, кара башыңдын кызыкчылыгын ойлоп качып жүргөнүңдү, элим-жерим, мамлекетим деп азап жеп, бөтөн жерде жүргөн лидер катары көрсөтүп, өлкөгө жылып кирип жылуу орунду ээлөөгө жол тап. Жараткан колдосо, алтындан таажы кийип, бакадай балчыкка секирчү учур маңдайыңа жазылып,  “Журт атасы” атыгып калышың деле ажеп эмес. Ошондо да баягы кумгандын жарыгы тийет...

Алмазбек ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
Привет всем! Если вы ищите полис осаго, то обратите внимание на спец сайт с такой возможностью. онлайн страховка аско страхование осаго
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter